Самидин кары Атабаев: Бүгүнкү доордо билимди алып, эптеп эле бир ишке кирип жан багуу адатка айланып баратат

 Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн районундагы Эл аралык Өзгөн техникалык жана билим берүү институтундагы   студенттерге  илим алуунун маанилүүлүгү,  диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу, улут аралык ынтымак, Ислам дининдеги адеп-ахлак темаларында кеп-кеңештерин берди.

Иш-чарага «Имам ал-Бухарий» институтунун ректору Абдырахман кары Атабаев, университеттин эмгек жамааты жана студенттер катышты.

Саамалыкта Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев илим алуунун зарылчылыгы жана анын максатына токтолуп, балдарды максаттуу тарбиялоого жана илимди максаттуу үйрөнүүгө чакырды.

«Мурдагы доорлордо эң көп айлык мугалимдердин айлыгы эле. Анткени жакшы тарбия алган муун бир мамлекеттин чыңалуусун камсыздайт. Бүгүнкү доордо билимди алып, эптеп эле бир ишке кирип жан багуу адатка айланып баратат. Аялы дагы иштейм дейт, күйөөсү да иштейм дейт. Анан балдары кароосуз калып кетүүдө. Биздин алган билимибизди биринчи кезекте өзүбүз үчүн колдонуп, андан соң балдарыбызга арнообуз кажет. Балдарыбызды максаттуу тарбиялайлы»,- деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Эскерте кетсек, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Эл аралык Өзгөн техникалык жана билим берүү институтунда  Ислам дининин баалуулуктары  боюнча баяндамаларды жасап, окуу жай менен казыят кызматташып келет.