Кара-Сууда коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча жыйын өтүп, ага дин кызматкерлери катышты

Ош облусунун Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров Кара-Суу райондук администрациясында  коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча уюштурулган жыйынга катышты. Жыйынга  Кара-Суу районунун акими  Турусбек Ногоев, акимдин биринчи орун басары Капарбек Адиев, Кара-Суу районундагы саламаттыкты сактоо мекемелери,Кара-Суу билим  берүү  бөлүмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөт башчылары жана Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров катышты.

Райондун акими Турусбек Ногоев Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу иштери боюнча маалыматтарды берди. Ал эми Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров коронавирус  илдетин жайылышына каршы күрөшүүдө дин кызматкерлери алгылыктуу иштер жүргүзүп жатканын баса белгиледи. 

«Ар бир мечитте санитарлык эрежелер так сакталып жатат. Антисептик, беткап, дезинфекциялоо иштери жүрүп жатканы баарыбызга маалым. Былтыр, 2020-жылы мечиттерибиз менен диний окуу жайларыбыз бейтаптарга  обсервация катары пайдаланууга  берилген», — деди Абдирашит ажы Батыров.