Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Куран жаттаган кары жана Куран илими боюнча адис» дипломун Зияидин уулу Мухаммадалиге тапшырды

 Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев  «Куран жаттаган каары жана Куран илими боюнча адис» дипломун   Зияидин уулу Мухаммадалиге тапшырып, жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чарага Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев, АКнын мүчөлөрү Нурдин ажы Асомудинов, Садыбакас ажы Доолов, Марс ажы Ибраев баштаган дин аалымдары,  маркум Зияидин кары Атабаевдин бир туугандары, жакындары катышты.

Саамалык алкагында Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Куран жаттоонун пайдасына токтолуп, Алла Таала берүүчү сооптун эсеби жок экендигин баса белгиледи.

«Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөндөр” (Сахих Бухари, VI/108). «Баласына Куран үйрөткөн инсанга кыямат күнү бейиште таажы кийгизилет» (Ал-иткаан, IV/104). «Үйлөрүңөрдү намаз жана Куран окуу менен көрккө бөлөгүлө» (Файзул Кадир шарху Жамиус-сагийр, VI, 290). «Ушул Куранды окуганды үйрөнгүлө. Аны окуган кезде ар бир тамгасына он сооп менен сыйланасыңар». Дагы бир куттуу хадисте мындай деп айтылат: «Куран – шапаат кылуучу. Анын шапааты кабыл кылынат. (Курандын) мартабасы бийик жана тастыктоочу. Ким ээрчисе, аны бейишке алып барат» (Кашфул Хафа, 2-том, 94-бет). Андыктан биз коомубуз ыймандуу, балдарыбыз адептүү болсун десек Куранды үйрөнүп, башкаларга үйрөтөлү»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми келген коноктор Куран жаттоонун пайдалары, артыкчылыктар боюнча баяндама жасашып, Орто Азия эле эмес, дүйнөгө белгилүү болгон маркум Зияидин кары Атабаевдин уулунун 2 ижаза (Куран илими боюнча адис) алышы менен куттукташты.