Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

Кечээ, 15-июнда Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан «Умму Мухаммад» медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземи болуп өттү.


Дипломдорду тапшыруу салтанатына Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, бүтүрүүчүлөргө кеп-кеңешин, акыл-насаатын айтып, иштерине ийгилик каалады. 

«Куранды толук жаттоо — бул чоң бакыт. Эми аны ар дайым бекем сактап жүрүү үчүн мээнет керек. Куран кайталанбай калса, унутулуп кетээрин бардык Куран жаттаган карылар жакшы билишет. Аллах Таала тарабынан силерге берилген мүмкүнчүлүктү бекем кармап, башкаларга жеткирүүнүн аракетин көрүңүздөр. Силердин Куран жаттаганыңар бир гана силер үчүн эмес, ата-энеңердин акырети үчүн да мыкты жетишкендик болот», — деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.

Бүтүрүүчүлөрдү урматтап келишкен ушул эле окуу жайдын  2-курсунун студенттери  тарабынан калпак жана кол саат белекке берилди.

Иш-чаранын алкагында медресенин жыл жыйынтыгы чыгарылып, өзүнүн жөндөмдүүлүгү, жакшы жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн студенттер үчүн акчалай сыйлык жана сертификаттар тапшырылды.