Ала-Бука райондук хатибияты Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы менен биргеликте райондогу 90 жетим балага кийим-кече жана азык-түлүктөрдү жардам катары тапшырды

Ала-Бука райондук хатибияты Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы менен биргеликте райондогу 90 жетим балага мектеп формаларын, кийим-кечелерди жана азык-түлүктөрдү тапшырышты. Райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевдин айтымында мындай жардам 1-июнь балдардын Эл аралык күнүнө карата дагы тапшырылып, анда 80 өспүрүмгө белек-бечкектер берилген.

«Мындан 3 жыл мурун райондогу 180 жетим баланын тизмесин чогултуп, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына тапшырып берген элек. Жараткан насип кылып, учурда балдарга бүгүнкү күнгө чейин өз жардамдарын көрсөтүп келишет»,-деди Шумкарбек ажы Чыналиев.

Муну менен катар Ала-Бука районунун баш имам хатиби жергиликтүү ишкерлер менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, мүмкүнчүлүктүн жетишинче жетим балдарды камкордукка алуу керектигин баса белгиледи.