Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилип, аларга багышталып Куран окулду

Кечээ, Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилип, аларга багышталып Куран окулду. Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Апсатар Сыргабаев, Жалал-Абад областтык мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Сузак, Базар-Коргон районунун жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана июнь окуясында курман болгондордун жакындары катышты.

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Апсатар Сыргабаев,-“Мындан он бир жыл мурда болгон каргашалуу кандуу окуя канчалаган балдарды жетим, аялдарды жесир калтырды. Эми элибизде эч качан андай окуялар болбосун. Бизге бир гана тынчтык жана ынтымак керек. Кыргызстан буйруса гүлдөгөн, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулат. Өткөн жылы пандемиялык шартка байланыштуу эскерүү иш-чарасы болбой калган. Мындан улам жакындарын жоготкон ар бир мекендешибизге, үй-бүлөсүнө, жакындарына сабыр тилейм,”-деди.

“Сампа-шейиттери” коомдук бирикмесинен Аскарали Таштанов  июнь окуясынан карапайым калк запкы жегенин айтып, мындай каргашалуу окуялардын кайталанбоосу керектигин билдирди.

Ал эми облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков өткөндөргө багыштап Куран окуп, Жараткандан элибизге жакшылыктарын мол кылуусун, эч качан уруш, согуш болбоосун, мамлекетибиз өсүп-өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуусун тилеп дуба кылды.