Ажек айылынын тургуну атасына аш берүүнүн ордуна 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында Куран конкурсун уюштурду

Ала-Бука районунун Ажек айылынын тургуну Манап Садыков маркум атасы Абдукаар Садыковго аш берүүнүн ордуна 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында Куран конкурсун уюштуруп, ага  Көк-Таш, Көк-Серек, 1-май, Сумсар, Шакафтар айылындагы жаштар катышты.

Манап Садыков атасына союла турган бээни  сатып, акчасын Куран жарышка катышкан балдарга сыйлык катары тапшырды.

«Ажек айылынын тургуну Манап Садыков атасына аш берүүнүн ордуна Куран жарыш өткөрүп, 1 бээ жана 10 кой сатып, акчасына жаш карыларга белек катары тапшырды. Куран жарышка 4 айыл өкмөттөн катышып, 3-5 жашка чейин бир команда, 5-11 жашка чейин бир команда, 11-16 жашка чейин бир команда болуп ат салышты. Жеңүүчүлөргө Куран китеби жана  кызыктыруучу белектер тапшырылды»,-деди райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев.

Куран жарышка:

1- орун 4000 сом

2-орун   3000 сом

3-орун  2000  сом

4-орун 1000 сом акчалай сыйлык каралган.

«Куран жарышка катышкан балдардын эң кенжеси 3 жашта болуп, баш байгени жеңип алды. Конкурстун башкы максаты жаштарды ыймандуу, адеп-ахлактуу кылып тарбиялап, мамлекетибизди руханий, экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым коштуруу»,-дейт Ала-Бука районунун баш имам хатиби.

Саамалыктын соңунда балдар үчүн сый тамак уюштурулуп, маркум Абдукаар Садыковго багышталып Куран окулду.