Чүй облусундагы дин кызматкерлери кезектеги көчмө жыйынын өткөрүшүп, отчётторун тапшырышты

Чүй облусундагы дин кызматкерлери кезектеги көчмө жыйынын өткөрүшүп, отчётторун тапшырышты. Отчёттук жыйын облус казысы Руслан ажы Жумагуловдун тапшырмасынын алкагында өттү.

Аймактагы имамдар мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин каттоосун тездетүү, санитарлык талаптарды так сактоо, ишембиликтерди өткөрүү жана өлкөнүн тынчтыгы, биримдиги үчүн дуба кылуу маселелерин талкуулашты.

«Жыйын Чүй облусундагы 10 хатибиятта өткөрүлүп, имамдарыбызга бир катар тапшырмалар берилди. Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу санитардык талаптарды бекем сактоо боюнча дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздүк»,-деди облус казысы Руслан ажы Жумагулов.