Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө катталган 61 талапкер сынак тапшырууда

Бүгүн, 21-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлер тавсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда китептеринен сынак тапшырышууда.

Сынакка жалпысынан 61 талапкер катышып, биринчи бөлүгү жазуу түрүндө өткөрүлүүдө. Сынактын биринчи бөлүгүнөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер эртең, 22-июнда баарлашууга киришмекчи.

Эскерте кетсек, Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61, КМДБнын Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14,  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна 9 талапкерлер катталган.