Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары Кыргызстан Ислам университетинин ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргызстан Ислам университетинин ыраазычылык баракчасы менен сыйланды. Сыйлык шаар казысына Куран жаттатуу борборуна жакындан жардам көрсөткөндүгү үчүн берилип, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов тапшырды.

Ушундай эле  ыраазычылык баракчасы Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевге дагы ыйгарылды.