2020-2021-окуу жылында Көлмө медресесин 43 студент аяктап, дипломдорго ээ болушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Бишкек шаарындагы Көлмө медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу салтанатына катышты.

Студенттер менен болгон жолугушууда Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу билим алуунун артыкчылыгы боюнча баяндама жасап, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады.

«Илим-байлык,  мал-мүлктөн артык турат. Себеби, илимди окуп, изденген  сайын ал  көбөйөт. Илим алууда жаш куракка карабастан ар бир мусулман дайыма изденүүнүн үстүндө болуусу керек. Көп окуган адам жигердүү жашоо образына ээ болуп, ааламдагы жакшы нерселерди көрө билет. Андыктан ушуну менен эле илим алууну токтотуп койбой, башкаларга дагы үйрөткүлө»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Салтанаттуу аземдин алкагында Көлмө медресесиндеги 43 бүтүрүүчүгө атайын дипломдор тапшырылып, белек-бечкектер берилди.

«Көлмө медресесинин бүтүрүүчүлөрү араб тили, шарият адистиги боюнча «Имам хатиб, мугалим» кесибине ээ болушат. Окуу жайдын дипломдору диний билимди тастыктоочу документ болуп саналат»,-деди медресе мугалими Умар ажы Бакиров.

Эскерте кетсек, Көлмө медресеси 2005-жылы мурдагы Муфтий, маркум Муратаалы ажы Жумановдун буйругу менен ачылган. Медресе өз уясынан бүтүрүүчүлөрдү 2013-жылдан тарта учура баштап, бүгүнкү күндө жалпысы болуп 157 студент диний билимин тастыктаган  дипломдорго ээ болушкан.