Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Баткен облусунун Раззаков, Кулунду айылындагы мечиттердин жана ФАПтын ачылыш салтанатына катышты

 Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Исар» фонду тарабынан курулган Баткен облусунун Раззаков, Кулунду айылындагы мечиттердин жана фельдшердик-акушердик станциянын ачылыш салтанатына катышты.

Иш-чарага Кувейт мамлекетинин  «Ихья Аттурос аль- Ислами» бирикмесинин Орто Азия боюнча комитетинин жетекчиси шейх Мухаммад Сухейли Ашшамри, Кувейттеги «Ооруларга жардам берүү» фондунун өкүлү Файсал Абу Фахд, «Исар» фондунун жетекчиси Алтынбек ажы Кудайбергенов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, Мечит менен  фельдшердик-акушердик станция эл үчүн кызмат кыла тургандыгын билдиришти.

«Мечит Алланын үйү. Андыктан мечитке ыйманыбызды бекемдеп, Жаратканга жакын болуп, адеп-ахлагыбызды, бири-бирибизге болгон мамилени жакшыртуу үчүн келишибиз керек. Андыктан аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга өз салымын кошкон «Исар» фондуна ыраазычылык билдиребиз»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Муну менен катар Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу фельдшердик-акушердик станциянын ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн чоң жетишкендик экендигин айтып, элдин саламаттыгынын  маанилүүлүгүнө токтолду.

«Дин – тазалыктын үстүнө курулган. Тазалык ар кандай оору-сыркоонун башкы душманы. Момун-мусулман оорунун алдын алуучу бардык чараларды көрүшү зарыл. Ошондуктан ар бирибиз Жараткандан берилген нематты туура пайдаланып, «Исар» фонду тарабынан курулган фельдшердик-акушердик станцияны жакшы жака иштетиңиздер»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми жергиликтүү тургандар демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришип, жалпы элдин атынан ыракмат айтышты.