Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мусулмандарынын дин башкармалыктары кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мусулмандарынын дин башкармалыктары кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул макулдашуу келечекте дин башкармалыктар ортосундагы алаканы бекемдеп, тажрыйба алмашуу, Ислам динини  баалуулуктарын жайылтууда жана Ханафий мазхабын бекемдөөдө биридиктүү иштөө, фатва, айт намаздарын белгилөө, билим берүү системасын жакшыртуу, ажылыкты уюштурууда тажрыйба бөлүшүү, Исламдагы туризм тармагын өнүктүрүү жана ортодогу достукту бекемдөөгө багытталган.