Жалал-Абаддагы дини окуу жайларды облустук казыят текшерип чыкты

 

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык казыяттын окуу бөлүм адиси Арпидин ажы Жороев облус аймагындагы диний окуу жайлардын 2018-2019-жылдагы жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен жеринен таанышып кайтты. Арпидин ажы Жороев алгач Сузак районуна караштуу “Имам Аьзам”, “Аиша Сиддика” жана Жалал-Абад шаарына караштуу “Аз-Захра”, “Илим ТАТ” медреселердин ишмердүүлүгү менен таанышып, анын алкагында быйылкы окуу жылына карата жаңы кабыл алынган 1-курстун студенттери менен жоолугушуп, алардын окууларына ийгилик кааласа, 3 жана 4-курстун студенттерин билим сапатка көңүл бурууга чакырып, жыл аягында сынактар кылдаттык менен өткөрүлүп, сынактан өткөндөр гана сертификат, диплом ала туграндыгын эскертти. Ошондой эле  окуу бөлүм адиси окуу жайдын админстрациясы жана мугалимдери менен маектешип, өткөн окуу жылында кетирилген кемчиликтерди жоюп, иш кагаздарды тартиптештирүү керектигин айтып өттү.

Мындан тышкары  Жалал-Абад шаарына караштуу “Аз-Захра” медресесинде AVEP кесиптик шыктарга окутуу долбоорунун алкагында эмерекчилердин  жасаган эмеректери менен таанышты. Жогоруда аталган медреседе 1-тайпада 15 бала окуп, “Эмерекчи” деген сертификатка ээ болушкан. Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрынан баштап 2-3-тайпага жаңыдан балдар кабыл алынып, окуу процесси уюштурулмакчы.