Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев  дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Азирети Муфтий Бишкек шаардык казыятынын эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.

Эскерте кетсек, Самидин кары Атабаев  буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген.

Атабаев Самидин Абдураимович —  1973-жылдын 27-декабрында Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.

Диний жогорку билимге ээ.

  • 1991-1995-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан
    Ислам институтун бүтүргөн.
  • 2002-2006-жылдары Россия Ислам университетин ийгилүктүү
    аяктаган.

Светтик жогорку билимге ээ.

  • 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун бүтүрүп, “Юриспруденция” адистигине ээ болгон. 1995-1996-жылдары аскердик кызматын өтөгөн.
  • Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим кары»
    медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган.
  • 2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы  «Имам Аль-Бухарий»
    Ислам институтунун окуу иштери боюнча проректор.
  • 2010 -2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам хатиби.
  • 2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин
    Башкармасынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундарга конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №265 буйругу менен Ош облусунун казысы болуп дайындалган.

Самидин кары Атабаевдин жетишкендиктери:

  • 1999-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Куран жарыш конкурсунда 3-орун.
  • 2002-жылы Татарстанда өткөн Куран жарыш конкурсунда 1-орун.
  • 2003-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Куран конкурсунда 1-орунга ээ болгон.

Сыйлыктары:

2015-жылы “Ош шамы” гезити тарабынан “Жылдын мыкты
жетекчиси” номинациясы менен сыйланган.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча
мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасы менен сыйланган. Мындан башка дагы бир
нече ардак грамоталардын жана ыраазычылык баракчалардын ээси.

Самидин кары Атабаев спорттун волейбол түрүнө кызыгат. 2003-жылы волейбол боюнча 1-орунду камсыз кылган.

Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.