Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ордобек ажы Оморбековдун апасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын фатва бөлүмүнүн башчысы Ордобек ажы Оморбековдун апасы Оморбекова Айтбүнүн дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Ордобек ажы! Айтбү апабыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Сабыр кылыңыз, Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум апаңызды Өз ырайымына алып, Бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев