Ош облусунун мусулмандар казысы болуп Сайдамир ажы Жейналиев дайындалды

Ош облусунун  мусулмандар казысы болуп Сайдамир ажы Жейналиев   дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Жаңы дайындалган облус казысын эмгек жамаатка Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев тааныштырып, жооптуу ишине ийгилик каалады.

«Илимди сөзсүз түрдө адеп-ахлак коштоп жүрүүсү зарыл. Эгер адепсиз илим болсо, ал пайдасыз. Мына ошондуктан илим-билимди, таалим-тарбияны кошо алып, аны жашообузда колдонубуз. Ар бирибиз аткарган жооптуу кызматыбызда жоопкерчиликтүү бололу!», — деди Жоробай ажы Шергазиев.

Эскерте кетсек, Сайдамир ажы Жейналиев 2012-жылдан бери Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келген.

Жейналиев Сайдамир Курбанович 1964-жылдын 2-январында Тажикистандын Жерге-Тал районуна караштуу Кашка-Терек айылында төрөлгөн. Мектеп жашына чейин эле атасынын колунда Куран боюнча сабаты жоюлган.

1971-1981 жылдары №5 Н.В.Гоголь атындагы орто мектебин аяктаган. Мектепте окуп жүргөн мезгилинде эле айылдагы молдо Зиёмаксум жана молдо Ахлидин аттуу молдолордун колунда “Чар Китеп, Хужа Хафыз, Мирзабедил жана Мухтасар” аттуу китептерди окуган. Мектепти бүтүргөн жылы өкмөт тарабынан Ярославль шаарына жогорку окуу жайына сунуш түшөт, бирок айылдын молдосу Махмаражап молдонун кеңеши менен Сайдамир дамыла диний илим алуу жолун тандап, Ярославлга баруудан баш тартат. Динди терең үйрөнгөн сайын кызыгуусу артканын байкап, молдо Ахлидин дамыла өзүнүн устазы молдо Абдусатар ажынын колуна алып барып тапшырат.

1981-жылы Тажикистандын Яван районуна караштуу Кыргыз-Абад айылында белгилүү аалым, устаздардын устазы молдо Абдусатар ажынын колунда окуган.

1982-жылы Советтик армиянын катарында кызматка кеткен.

1984-жылы армиядан келип кайра молдо Абдусатар ажынын колунда окуусун уланткан. Ажыкенин батасын алгандан кийин ал кишиге жардамчы болуп ошол жерде окуган балдарга Мухтасарулвикая, Шархул викая, Хидая, Мишкат жана башка китептерден сабак берип турган.

1989-1992 жылдары Жерге-Тал районунун Кашка-Терек айылында белгилүү аалым молдо Махмаражап дамыладан илмул балага, мантык, араб жана фарс адабий китептерин жана башка китептерди окуган.

2018- жылы Ош технологиялык университетинин технологиялык колледжин бүтүргөн.

2021- жылы Ош мамлекеттик педагогикалык университетин бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ
1990-1992 жылдары Жерге-Тал районундагы борбордук китепканасында китепканачы болуп иштеген. Ошол эле жылдары Жерге-Талдагы “Дамыла Сайдакмат” атындагы мечит-медреседе сабак берген.

1993-1997 жылдары Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Калинин (азыркы Сары-Булак) айыл-өкмөтүндө имам.

1997-жылы Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында имам.

1997-2005 жылдары Өзгөн районунун Жазы, Кызыл-Тоо, Зергер, Жылалды жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрү боюнча баш имам хатиб.

2005-2010жж. Ош облусунун мусулмандар казыятында фатва бөлүм башчысы.

2012-жылдын 21-майында өткөн уламалар кеңешинин жыйынында уламалар кеңешине мүчө болуп шайланган.

2012-2014 жж. Ош казыятынын фатва боюнча бөлүм башчысы.

2014-жылы Аалымдар Кеңешинин V-чакырылышынын мүчөсү.

2017-жылкы муфтийлик кызматка, БТК-төрагалыгы жана мүчөлүгүнө, ошондой эле Аалымдар Кеңешинин VI-чакырылышына мүчөлүккө талапкерлерден сынак алуучу комиссиянын мүчөсү.

2017-жылы Аалымдар Кеңешинин VI-чакырылышынын мүчөсү.
Аалымдар Кеңешинде билим берүү, илим изилдөө жана мечит-медреселер боюнча комитет мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү чечиминин 19.4-беренесинин негизинде имамдардын жана башка дин жаатындагы адамдардын квалификациясын жогорулатуу максатында “Ыйман диний маданиятты өнүктүрүү” фонду Муфтият менен чогуу уюштурган “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн окуу семинарларда Кыргызстан боюнча бардык мечит имамдарына “Хадис жана Фыкх” илимдеринен окутуп сабак берип келет.

Андан сырткары салттуу Исламды Ханафий мазхабын бекемдеп кеңири таркатуу максатында мечит имамдарына, медресенин мударристерине жана башка шакирттерине сарф, нахв, фыкх, хадис, тафсир жана адабият сабактары боюнча сабак берип келет.
Мусталахул хадис – хадис терминдери боюнча, дүйнөгө белгилүү аалым Махмуд Таххандын “Тайсиру мусталахул хадис” аттуу китебин арабчадан кыргызчага которгон. Учурда дагы китеп которуунун үстүндө иштеп жатат.

2016-жылы Кыргызстан Ислам университетин “Араб тили жана шариат” адистиги боюнча артыкчылык диплом менен бүтүргөн.
2018-жылы Америкадагы мусулмандардын дин тутуу эркиндигин жакындан көрүп, таанышуу максатында түзүлгөн (IOP) “Эл аралык байкоочулар” деп аталган программанын негизинде Американын бир канча шаарларында өткөрүлгөн илимий семинарларга катышып, тажрыйба алмашып келген.