Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 25 жылдык иш-чарасына катышты

Бүгүн, 30-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 25 жылдык иш-чарасына катышты. Саамалыкка КР Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары,  мамлекеттик мекемелердин, диний жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

«Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы дин чөйрөсүндө жана дин тутуу эркиндигинин маселелерине, диний уюмдардын ишмердигине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле башка материалдарды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте кароого киргизүү, дин маселелери боюнча ченемдик актылардын долбоорлору боюнча расмий эксперттик корутундуларды берүүдө бардык аракеттерди жумшап келесиздер. Себеби, сиздер жүргүзгөн иш аракеттердин натыйжасында коомдук тартипти бузууга  коркунуч алып келген деструктивдүү диний уюмдардын же диний ишенимдердин идеологиялык таасиринин жайылышына бөгөт коюлуп,   мамлекеттик деңгээлде бирдиктүү саясат жүрүп келет»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар  Азирети Муфтий ДИМКтин конфессиялар аралык ынтымактын бекемделишине,  коомдук тартиптин мыйзам менен корголушун камсыз кылууда, диндер аралык сабырдуулуктун орношуна,  ошондой эле диний радикализмге жана экстремизмге каршы турууда диний мекемелер, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте абдан чон жумуштарды аткарып келе жаткандыгын билдирди.

Иш-чаранын максаты дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын натыйжалуулугун жана андан аркы артыкчылыктарын жогорулатуу. 25 жылдын ичинде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган коомдун руханий жана адеп-ахлактык негиздерин чыңдоого, чыр-чатактын алдын алууга, ар түрдүү диндерди жана конфессияларды жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулукту орнотууга багытталган бир катар маанилүү милдеттерди жана программаларды ишке ашыра алды.  

«2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жана «2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планына” коюлган максаттарды ийгиликтүү жүзөгө ашырууга натыйжалуу түрткү берди»,-деди ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров.

Иш-чара алкагында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бир катар кызматкерлери КМДБнын Ардак грамоталары жана ыраазычылык барактары менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 25 жылдык иш-чарасынынын алкагында төмөнкү маселелердин чечими коюлат:

• азыркы коом шартындагы КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишмердүүлүгүн талкуулоо;

• диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.