Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов өз ишин баштады

Кыргызстан Мусулмандарынын 7 Курултайында бекилген Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы  Нурдинов өз ишин баштады.

Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Нурдинов Бактыбек Сарбагышовичтин өмүр таржымалы

1966-жылдын 4-мартында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылында жарык дүйнөгө келген.

БИЛИМИ:

  • 1988-1992-жылы Кыргыз мамлекеттик Дене Тарбия институтунун “Алгачкы аскердик даярдык жана дене тарбия” факультетин аяктаган.
  • 2014-2019-жылдары Кыргызстан Ислам университетинин “Шариат” факультетин бүтүргөн. 
  • 2017- 2019-жылдары Билим Берүүдөгү Заманбап Маалыматтык Технологиялар Институтун (ISITO) информатика-экономист тармагында билимин жогорулаткан.
  • 1984-1986-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн, запастагы офицер.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

  • 1986 -1988-жылдары Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында “сүрөтчү-декоратор”.
  • 1993-1994-жылдары Тоголок Молдо айылындагы Ленин атындагы орто мектебинде мугалим.
  • 1995-1996-жылдары Бишкек шаарындагы N67 орто мектеп-гимназиясында мугалим.
  • 2000-2003-жылдары “Кыргызстандын Элинин Ар-Намысын жана Абийрин Коргоо Комитетинде” укук коргоочу.
  • 2003-2006-жылдары “Дил-Мүрөк” адеп-ахлак жана маданият борборунда директордун орун басары.

  — ТСЖ (Жодар) Кондоминиумда төрага.

 — Кыргыз Республикасында адеп-ахлактык жана билим берүүчү программаларды жайылтуу   боюнча Ислам Демилгесинин Координатору.

  • 2008-жылы Коомдук парламенттин мүчөсү.
  • 2008-2010-жылдары Мусулмандардын укуктарын коргоо комитетинин төрагасы.
  • 2010-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз катчысы.
  • 2011-2012-жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын “Ажылык-Умра” борборунун кеңешинин көзөмөлдөөчү мүчөсү.
  • 2006-2014 -жылдары “Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар Конгресси” коомдук бирикмесинин — президенти .
  • 2014- 2016-жылдары “Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын” иш башкармалыгынын раиси.
  • 2016-жылы ТСЖ “Сулуу-Төр” Кондоминиумда төрага.
  • 2017-2021-жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
  • 2021-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы.

СЫЙЛЫКТАРЫ:

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.

2011-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын Ардак грамотасы.

Үй-бүлөлү, 5 баланын атасы.