Кыргызстан Мусулмандарынын 7 Курултайында бекилген Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов өз ишин баштады.
Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Нурдинов Бактыбек Сарбагышовичтин өмүр таржымалы
1966-жылдын 4-мартында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылында жарык дүйнөгө келген.
БИЛИМИ:
- 1988-1992-жылы Кыргыз мамлекеттик Дене Тарбия институтунун “Алгачкы аскердик даярдык жана дене тарбия” факультетин аяктаган.
- 2014-2019-жылдары Кыргызстан Ислам университетинин “Шариат” факультетин бүтүргөн.
- 2017- 2019-жылдары Билим Берүүдөгү Заманбап Маалыматтык Технологиялар Институтун (ISITO) информатика-экономист тармагында билимин жогорулаткан.
- 1984-1986-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн, запастагы офицер.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
- 1986 -1988-жылдары Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында “сүрөтчү-декоратор”.
- 1993-1994-жылдары Тоголок Молдо айылындагы Ленин атындагы орто мектебинде мугалим.
- 1995-1996-жылдары Бишкек шаарындагы N67 орто мектеп-гимназиясында мугалим.
- 2000-2003-жылдары “Кыргызстандын Элинин Ар-Намысын жана Абийрин Коргоо Комитетинде” укук коргоочу.
- 2003-2006-жылдары “Дил-Мүрөк” адеп-ахлак жана маданият борборунда директордун орун басары.
— ТСЖ (Жодар) Кондоминиумда төрага.
— Кыргыз Республикасында адеп-ахлактык жана билим берүүчү программаларды жайылтуу боюнча Ислам Демилгесинин Координатору.
- 2008-жылы Коомдук парламенттин мүчөсү.
- 2008-2010-жылдары Мусулмандардын укуктарын коргоо комитетинин төрагасы.
- 2010-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз катчысы.
- 2011-2012-жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын “Ажылык-Умра” борборунун кеңешинин көзөмөлдөөчү мүчөсү.
- 2006-2014 -жылдары “Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар Конгресси” коомдук бирикмесинин — президенти .
- 2014- 2016-жылдары “Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын” иш башкармалыгынын раиси.
- 2016-жылы ТСЖ “Сулуу-Төр” Кондоминиумда төрага.
- 2017-2021-жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
- 2021-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы.
СЫЙЛЫКТАРЫ:
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
2011-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын Ардак грамотасы.
Үй-бүлөлү, 5 баланын атасы.