Жалал-Абад казыяты Таш-Көмүр шаардык мэриясы менен биргеликте диний экстремизм жана ырксыз чыгымдарды жою боюнча жыйын өткөрдү

Жалал-Абад облустук  мусулмандар казыяты Таш-Көмүр шаардык мэриясы менен биргеликте диний экстремизм жана ырксыз чыгымдарды жою боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга облустун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри  Айнакан Темирбаева, шаардын баш имам хатиби  Мураталы Мансуров, улуттук коопсуздук кызматынын Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын башчысы, аймактык башкармалыктын башчылары жана мечит имамдары катышты.

Вице-мэр Айнакан Темирбаева алгач  облус казысы Нематулла ажы Жээнбековду Жалал-Абад облусуна казы болуп дайындалышы менен  куттуктап, шаардык мэрия казыят менен тыгыз кызматташууга кызыктар экендигин билдирди. Ал эми облус казысы мечит имамдарына жума намаздарда диний экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин токтоосуз алып барууну, аны менен бирге ырксыз чыгымдарды азайтуу жөнүндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин, эң негизгиси элди атаандашуудан алыс болууга үндөө зарылдыгын айтты.

Жыйындын кийинки бөлүгү суроо-жооп менен улантылып, катышуучулар облус казысына  мал соючу жайларда малдын башына уруп, эсин оодарып мууздоонун шарияттагы ордун сурашты.

 Ал эми облус казысы малды башына уруп, эсин оодарбай эле сойгону шариятка ылайык экенин баса белигиледи.

Эскерте кетсек, Таш-Көмүр шаарында мусулмандар үчүн жалпы он мечит, бир диний билим берүүчү медресе бар.