Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Суу районуна караштуу мечит имамдары менен жогулушту

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Суу районунун борбордук мечитинде районго караштуу мечит имамдары менен жолугуп, жоопкерчилик, ынтымак, биримдик, мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, радикализм, фанатизм, диний эктсремизм жана терроризмди алдын алууга бирдиктүү иш алып барууга чакырды.

Иш-чарага Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров жана районго караштуу мечит имамдары катышты.

Саамалыкта Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев бардык имамдардын диний билим-деңгээлин жогорулатуу зарыл экенин баса белгилеп, бул жаатта тийиштүү кызматкерлерге тапшырмаларды берди.

«Расмий диний кызматкерлер эл менен тыгыз иш алып баруусу зарыл. Жасалмалык болбойт. Чын дилден иштейли. Элдин ар кандай жан дүйнө тынчын алган суроо талаптары үчүн имамдар диний билимди тереңдетүүсү зарыл. Билбестен шашып туура эмес жооп берип алуусу ыктымал. Мына ошондуктан билбеген суроолорубузду хатибят, казыят жана Муфтяттан тактап алсак өзүбүзгө жакшы»,- деди облус казысы.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, казыяттын курулуш жана мечит адиси Абдималык ажы Турсунбеков каттоодон өтө элек мечиттерди мыйзамдаштыруу зарылчылыгына токтолду.

«Кара-Суу районунда дагы каттоодон өтө элек мечиттер бар. Аларды тез аранын ичинде каттоодон өткөрүү зарыл. Билбеген документтериңиздер болсо сөзсүз түрдө бизге кайрылыңыздар. Имадар бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барыңыздар», — деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Ошондой эле Кара-Суу районун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров имамдардын жыл ичинде аткарган эмгектерин баса белгилеп, мындан ары алгылыктуу иш алып баруусуна ишеним көрсөттү.