Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев алгачкы иш сапарын Кара-Суу районунан баштады

Кечээ, 2-июль күнү Ош облусунун мусулмандар казысы  Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Суу районунун борбордук мечитинде текеберлик, кин сактоо, диний  экстремизм жана терроризмди алдын алуу, ынтымак, биримдик жана топ-топ болуп жамааттык өз алдынча бөлүнүүлөгө бөгөт коюу боюнча баяндама жасады.

Иш-чарада алгач Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев жаңы дайындалган казыны мечит жамааты менен тааныштырып, анын эмгек жолу тууралуу маалыматтарды берди. Андан соң Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев текберлик кылуунун акыреттеги абалы, мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү эркиндиктери, диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу ынтымак, биримдик  жана диний жамааттык өз ара бөлүнүүлөргө бөгөт коюу зарылчылыгы токтолду.

«Мамлекетибиз дин тутуу баарбызга бирдей эркиндик берди. Ар бир адам дин тутуу эркиндигине ээ. Исламдын өкүмдөрүн аткарсаң мурдагы СССР убагындагыдай куугундук жок. Мына ошондуктан биз дагы салттуу исламдын системаларынан чыкпастан бекем кармануубуз зарыл. Биздин жалпы элдик жамаатыбыз радикалдык, экстемистик топтордон оолак болуп, расмий кызматкерлер менене тыгыз иш алып баруусу зарыл. Ар кандий диний көйгөйлөрүңүздөрдү расмий кызматкерлер менен чечиңиз», -деди Сайдамир ажы Жейналиев.