Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев ордо калаанын жалпы имамдарына жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев ордо калаанын жалпы имамдарына жыйын өткөрүп, дин кызматкерлери менен жакындан таанышты.

Жыйын алкагында шаар казысы мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү, дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу, калк арасында түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү, мечиттердин тазалыгын бекем сактоо менен калаа тургундарына жакшы шарт түзүп берүү, тажрыйба алмашуу, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык талаптарды бекем сактоо керектигин баса белгиледи.

«Ата-бабаларыбыз «ынтымак бар жерде ырыс бар»,-деп бекеринен айтып келген эмес. Биз биргеликте ийгиликке жетебиз. Казыятты колдоп, анын бекем болуусуна ар бирибиз салым кошолу. Берилген тапшырмаларды өз учурунда аткарып, санитардык талаптарды бекем сактайлы. Калк арасында терс диний агымдардын алдын алуу, Ислам динибиздин баалуулуктары боюнча дайыма түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзөлү. Жалпыбыз бир денедей болуп, ынтымакта иш алып баралы»,-деди шаар казысы.

Муну менен катар жыйында имамдар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышып, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги жана ынтымагы үчүн дуба кылышты.