Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп Талантбек ажы Темирбаев дайындалды

Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп Талантбек ажы Темирбаев  дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар казысы Самидин кары Атабаев кол койду.

Талантбек ажы Темирбаев  буга чейин Бишкек шаардык мусулмандар казыятында чарба жана курулуш бөлүмүндө эмгектенип келген. Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Талантбек ажы Темирбаевди ордо калаадагы жалпы дин кызматкерлерине тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.

ТЕМИРБАЕВ ТАЛАНТБЕК КАДЫРБЕКОВИЧ

Темирбаев Талантбек Кадырбекович 1974-жылы 3-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда төрөлгөн.

1980-1991-жылдары Сузактагы “Крупская” орто мектебин аяктаган.

1992-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Билим” коому тарабынан уюштурулган “Арап тилин окуу жана жазуу” боюнча окуу курсун ийгиликтүү аяктаган.

1992-1996-жылдары Жалал-Абад шаарындагы коммерциялык институтта “Финансы жана кредит” адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

2003-2005-жылдары Кыргызстан Ислам Университетинин алдындагы “Имамдык курсту” аяктаган.

2009-2014-жылдары Кыргызстан Ислам университетинин “Араб тили жана шариат” факультетин бүтургөн.

Кыргызстан Эл аралык Университетинде “Экономика” факультетин окуган.

ТАЖРЫЙБАСЫ:

2003-2005-жылдары Кыргызстан Ислам университетинде ректордун жардамчысы

2005-2008-жылдары Бишкек шаардык Борбордук мечитте имам

2008-2015-жылдары Бишкек шаарынын казысынын жардамчысы

2015-2021-жылдары Бишкек шаардык казыятынын “Курулуш жана чарба иштери боюнча адис”

2021-жылдын 1-июлунан тарта Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп дайындалды.

Үй бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы

СЫЙЛЫКТАРЫ:

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын жана Бишкек шаардык казыятынын “Ардак грамота” жана “Ыраазычылык баракчалары” менен бир нече жолу сыйланган.