Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов менен жолукту

Бүгүн, 6-июль күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов менен жолугуп, мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоо боюнча пикир алышты.

Иш-чарага ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Соцалдык бөлүмдүн башчысы Адували Балтабаев жана Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев катышты.

Жолугушууда Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жаңы дайындалган облус казысы Самидир ажы Жейналиевди куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.  

«Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун. Иштериңизге ийгиликтерди каалайм. Жаштарыбызды ыймандуулукка тарбиялап, жакшы иштерди жасаңыз»,- деди Жарасул Абдураимов.