Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ноокат районунун мечит жамааты менен жолугуп, мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча баяндама жасады

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ноокат районунун борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугуп, мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча баяндама жасады.

Иш-чарада алгач Ноокат районунун башкы имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиевди жергиликтүү тургундар менен тааныштырып, анын диний чөйрөгө кошкон салымы жана ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берди.

Андан соң Ош облусунун мусулмандар казысы мазхаб кармануунун зарылдыгы, талаптары жана эрежелери боюнча баяндамасын жасады.

«Сүннөт ээлери негизинен туура деп эсептелген төрт мазхабды карманып келишкен. Биздин ата-бабаларыбыз дагы ушул мазхабдардын арасынан бирөөсүн, тактап айтканда ханафи мазхабын карманып келишкен. Мазхабы жок адам адашат. Бир мазхабды кармануу өзүн мусулман деп эсептеген ар бир момунга важип болуп саналат», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.