Исфана шаарындагы «Абдулла ибн Аббас» Ислам институту уюштурган бир айлык окуу курсу жыйынтыкталды

Жайкы эс алуу мезгилинде Исфана шаарында жайгашкан  «Абдулла ибн Аббас» Ислам институту бир айлык куран курсун уюштуруп, ага жалпы Лейлек районунун  аймагынан 110 улан-кыз катышты. Аталган  30 күндүк Куран курсу жыйынтыктап, ата-энелерге жана атайын келген коноктордун катышуусунда жыйынтыктоо аземи болуп өттү.

Иш-чара алкагында  окуу жайдын ректору Кубатбек Абдыгапар уулу илим алуунун зарылдыгына токтолуп, балдар өлкөнүн келечеги экендигин билдирди.

“Илим алуу ар бир мусулманга парз. Балдарыбызды илимге окутуп, өзгөчө  Куран окуганга, жаттаганга  берип, балдардын илим алуусуна шарт түзүп берип жатабыз. Балдарыбыз ыймандуу болсо, келечектегибиз,  коомубуз ыймандуу болот. Курска жалпысынан 110 улан-кыз катышып,  алар Куран  окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту”,-деди Кубатбек Абдыгапар уулу.

 Сабактар 4 багытта өтүп, “Куран окууну үйрөнүү”, “Адеп-ахлак”, “Дуба” жаттоо жана “Намаз, даарат, пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр таржымалы, имам Аззам Абу Ханифанын өмүр  таржымалы менен таанышуу” сабактары өтүлдү.

Ал эми  иш-чарага катышкан Лейлек райондук РИИБнын өспүрүмдөр    менен иштөө бөлүмүнүн кенже лейтенанты Чынгыз Айткулов балдардын туура багытта билим алуусу маанилүү экендигине токтолуп, кылмыштуулук боюнча маалымат берди.

Саамалыкты соңунда мыкты окуган балдарга  жана алардын ата-энелерине ыраазычылык каттар жана белектер берилди.