Салкын-Ордо айылындагы колу жука үй-бүлөлөргө азык-түлүк берилди


Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Салкын-Ордо айылында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, айыл ичиндеги муктаж 40 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы берилди.

Аталган иш-чараны айыл имамы Абобокир Темирбаев өз биртуугандары менен уюштуруп, жалпысынан 40 үй-бүлөгө 80 000 сомдук азык-түлүк таратылды.

«Садака бул – балээни кайтарат демекчи, биз адам баласы бардыгыбыз сыноо жашоосундабыз. Бир күнү болбосун сыноо башыбызга келет. Мына ошол кыйынчылык келиштен мурун, бардыгы жетиштүү болуп турган учурда кылынган садаканын пайдасы башка сыноо келгенде билинет. Биз да туугандарыбыз менен биригип кайрымдуулук иш-чарасын уюштурдук.

Албетте, кылган ишибиздин бардыгы Жараткан Аллах үчүн. Бирок, башкаларга да күчтүү мотивация болсун деп маалымат менен бөлүшүп койдук. Көп түкүрсө көл болот дегендей тааныштар менен биригип, ушул сымал иш-чараларды өткөрсөк, көпчүлүктүн бата-тилеги тийип калат деген үмүттөбүз»,-деди айыл имамы Абобокир Темирбаев.