Чүй райондук хатибияты районго караштуу мечитердин арасында спорттук мелдеш өткөрүштү


Чүй облусуна караштуу Чүй райондук хатибиятынын демилгеси менен райондогу мечиттер арасында ынтымак-биримдикти бекемдөө, ден соолукту чыңдоо максатында футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул боюнча Чүй районунун хатибиятынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган спорттук мелдеш мечиттер арасында алгачкы жолу өткөрүлүп жатканына байланыштуу бул жолкусунда 4 команда күч сынашып, алардын ичинен биринчи орунду Садовая айылынын мечит жааматы жеңишке жетишти.

Алардан тышкары мелдешке Покровка, Прогрес жана кичирайон мечиттеринин жамааты катышкан. Уюштуруучулардын айтымында мелдеш өтө жакшы өтүп, эми бул спорттук оюн ар бир айдын жума күнү өткөрүлмөй болду.

«Күчтүү, ден соолугу чың мусулман Жараткан Аллах Таалага алсыз мусулманга караганда алда канча жакыныраак болот экен. Мусулмандардын биримдигин бекемдөө максатта ушул турнирди уюштурдук. Буюрса бул турнир ар бир айдын 5чи күнү өткөрүлмөй болду. Эми мындан кийин ар бир райондо өткөрүп, андан кийин райондор арасында облустук деңгээлде өткөрүүнү пландап жатабыз. Шариятка ылайык келүүсү үчүн атайын демөөрчүлөр да даяр. Буюрса жакынкы арада облустук деңгээлде Чүй облусунун казыятынын кубогу үчүн деп мелдеш өткөргөнү жатабыз. Аллах Таала ушул иш-чарабызды кабыл кылып, мусулмандардын ортосун бириктирүүгө себеп кылган болсун»,-деди уюштуруучулар.

Өз учурунда Чүй облустук казыяты уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.