Нематулла ажы Жээнбеков: Ата-энесинен айрылып, ошол эле учурда Куранды толук жаттаган бул азаматтарыбыз мындан дагы артык сыйлыкка татыктуу

Бүгүн,  13-июль күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандар  казысы Нематулла ажы Жээнбеков ыйык Куранды жат билген балдарды кабыл алып, аларга илим алуунун пайдалары тууралуу насааттарын айтты.

Муну менен катар облус казысы чет жерде эмгектенип жүргөн мекендештердин атынан келген акчалай жардамды тапшырып, бул жардам мындан ары эң мыкты окуган улан-кыздарга бериле тургандыгын билдирди.

«Ата-энесинен айрылып, ошол эле учурда Алла Тааланын сөзү болгон Куранды толук жаттаган бул азаматтарыбыз мындан дагы артык сыйлыкка татыктуу. Бул азаматтарыбызды Алла Таалам эң баалуу белеги менен сыйласын. Жараткан насип кылса мыкты окуган улан-кыздарга аз да болсо колдоо көрсөтөбүз»,-деди облус казысы.

Жолугушуунун соңунда облус казысы мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы жана балдардын келечегин тилеп Жаратканга дуба кылды.