Манас районундагы 50 үй-бүлөгө 90 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Талас облусунун Манас районунун хатибиятында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Жеке ишкерлер жана соодагерлер тарабынан эки жылдан бери ай сайын Манас районундагы колу жука үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылып келет.

«Бул жолу 50 үй-бүлөгө жалпы 90 миң сомдук тамак-аш баштыкчалары Жайылган, Пакровка, Май, Тамеки савхоз жана Үч – Коргон айылдарына таратылып берилди»,-деди Миржалал ажы.