Талас районундагы Көк – Токой айылында жаңы мечит ишке берилди

Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк – Токой айылында заманбап жаңы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Талас облусунун казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдысамат уулу Өмүрзак, Кувейт мамлекетинен келген демөөрчүлөр, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, имамдар, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Мечит  “Ассалам» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен салынып, жалпы 175 орунга ылайыкташкан.