![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/07/1b95da4a-d25b-42fa-9871-915c5fcc7d3b.jpg)
Кечээ, 13-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арстанбап Ата медресесинде бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүктөрүн тапшыруу зыйнаты болуп өттү.
Бүтүрүү кечесине Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынан үгүт-насаат жана окуу бөлүмүнүн башчысы Жороев Арпидин ажы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев, окуу-жайдын мугалимдери жана ата-энелер катышты.
Бүтүрүүчүлөр «Араб тили жана Шарият» адистиги боюнча «Имам хатиб жана мугалим» кесибине ээ болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө медресенин окуу-тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орун басары Акыев Бактияр бүтүрүүчүлөрдү алган билимине амал кылууга чакырды.