Ош облусунда райондун башкы имам-хатибдерине жыйын болуп, аларга тийиштүү тапшырмалар берилди

Бүгүн, 14-июль күнү Ош облустук мусулмандар казыятында облус аймагына таандык райондордун башкы имам-хатибдерине жыйын болуп, №05 токтомдун аткарылышын тездетүү, курман айт майрамын өткөрүү жана ДИМКдан келген тапшырмага ылайык мечиттер менен диний окуу жайлардын жер аянтынын менчик ээлерин аныктоо иштерин тездетүү маселеси каралды.

Жыйында облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев райондун башкы имам-хатибдерин жергиликтүү имамдар менен тыгыз иштешүүгө чакырып, келе жаткан курман айт майрамына карата даярдыктарды күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

«Курман айт майрамына карата мечиттердин тазалыгы, сырткы жарнактары жана убактыларына көңүл буруңуздар. Ошондой эле ДИМКнын мечиттер менен диний окуу жайлардын жер аянтынын менчик ээлерин аныктоо боюнча келген катынын негизиндеги иштер тез аранын ичинде аткарылсын», – облус казысы.