Ош облусунда имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сабактары башталды

Бүгүн, 14-июнь күнү Ош облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында мечит имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында алгачкы окуу сабагы уюштурулду.

Иш-чарага казыяттын эмгек жамааты, облус аймагына таандык райондордун башкы имам-хатибдери жана Кара-Суу районунун имамдары катышты.

Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев коомубуздун өсүп-өнүгүүсү үчүн илим-билим алуунун зарылдыгы чоң экенин баса белгиледи.

Андан соң облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев мусулман коомчулугунда, анын ичинде салттуу Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасында таасирдүү болгон “ал-Хидая”, “Мишкат”, “Унванул-Баян” жана “Тамбихул-Гафилин” китептеринен сабак берди.

“Илим – бизге жарык берүүчү чырак сыяктуу. Шайтан аны дайыма өчүрүүгө аракет жасайт. Биз болсо илим чырагыбызды өчүрбөстөн жолубузду улайлы”, – деди облус казысы.

Эскерте кетсек, аталган окутуулар буга чейин Жалал-Абад, Өзгөн жана Кара-Суу шаарларында өткөрүлүп келсе эми облусдун башка аймагында улантылат.