Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Ысык-Көлдөгү машыгуу лагерине барып сабалган 9 жаштагы өспүрүм боюнча билдирүү кылат

Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак – ырашкерликте, достук–боордоштукта жашоого үгүттөйт. Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат.  Ошондой эле динибиз ар кандай зордук-зомбулуктарды четке кагат.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Ысык-Көлдөгү машыгуу лагеринде болгон окуяны айыптап жана каралап, башка диндин өкүлдөрүнө мындай мамиле кылбоого чакырат.

Анткени, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте мусулмандын сыпаты тууралуу:  “Мусулман–башкалар анын тилинен, колунан зыян көрбөгөн адам”–дейт.

Бардык адамзатка жакшы мамиле кылуу – Аллахтын ырайымына бөлөй турган сыпат. Ислам дининин башка дин өкүлдөрүнө кылган мамилесине пайгамбарыбыздын (САВ) доорунан берки тарыхта көптөгөн өрнөктөр бар. Ислам дини эриш аркак жашоого, сабырдуулукка жана толеранттуу мамиле кылууга үндөйт.       Бүгүнкү күнгө чейин дээрлик бардык өлкөлөрдө мусулмандар менен христиандар жанаша коңшулукта, тынчтыкта жашап келе жатышат.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Алла Таала силердин кебете-кешпириңерге жана байлыгыңарга эмес, жүрөгүңөргө жана жасаган амалдарыңарга назар салат”,-деп айтат. (Муслим)

Кылым карыткан элибиз бекеринен «ынтымак бар жерде ырыс бар»,-деп бекеринен айтышпаса керек. Тарых адам баласына ынтымак жана биримдик менен жашаган коомдор дайыма күчтүү боло тургандыгын ачык эле көрсөтүп келүүдө. Ал эми ынтымагы жок коомдор аркасына из калтырбай, кыска бир убакыттын ичинде тарых барактарынан өчкөн. Диндер ортосундагы ынтымагыбызды бекемдөө аркылуу тоскоолдуктардын баарын жеңе алабыз. Аба менен суу кандай керек болсо, ынтымак да ошондой керек.