Араван районунда улуттар аралык ынтымак, диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл аймагында улуттар аралык ынтымак, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.  

Жыйынга Араван районун башкы имам-хатиби Алибек ажы  Жусупов, РИИБнын 10  бөлүмдүн жетекчиси Дүйшөн Жолдубаев, айыл имамдары жана айыл башчылар катышты. 

Иш-чарада Араван районун башкы имам-хатиби ынтымактын, биримдиктин жана бүтүндүүлүктүн Ислам дининдеги ордуна токтолуп, бул жатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен  кызматташып келе жаткандыгын билдирди. 

« «Ынтымак бар жерде ырыс бар»,-деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтышпаса керек. Андыктан биз ар дайым улуттар аралык биримдигибизди бекем сактап, өсүп келе жаткан жаштарыбызды ыймандуу, билимдүү кылалы»,-деди баш имам хатиб.