![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/07/IMG-20210715-WA0027.jpg)
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мечит имамдарына жыйын өтүп, коронавирус илдетинин алуу эрежелери, курман айт намазын өз убагында окуу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген №5 токтомдун негизинде иш алып баруу боюнча дин кызматкерлерине тапшырмалар берилди.
Иш-чарага Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.
«Курман айт намазын өз убагында окуйлу. Мечиттерибизди таза кармап, техникалык жабыктарын текшерүүдөн өткөрөлү. Курмандык чалуунун эрежелерин журтубузга жакшы түшүндүрөлү», – деди Акжол ажы Козубаев.