Азирети Муфтийи Замир кары Ракыев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келди

Кечээ, 15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев илимий сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Иш сапардын алкагында Азирети Муфтийдин алгач Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында маркум, дин аалым Чубак ажы Жалиловдун атасынын үйүндө эхсанга катышуу
менен баштады.

Андан кийин Жалал-Абад шаарындагы Насирдин Ата Жума мечитинин кошумча мечиттин ачылуу аземине катышат.

Кийин «Жаннат» мейманканасынын жыйындар залында өтүүчү маркум, дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференцияга катышат.