Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Бисмиллахир-рахманир-рахим

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Жалпыңыздарды ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Курман айт динибиздеги эки улуу майрамдын бири. Айт майрамдары миңдеген жылдардан бери эл ынтымагын бекемдеген, кайрымдуулугун арттырган маанилүү дата катары калыптанган. Ушул күнү көңүлдөр көтөрүлүп, курмандыктар чалынат. Дос-тууганга зыяраттар кылынып, ачтар тоюнат. Улуулар узун сөзгө кирип чер жазышса, жаш балдар оюндун кызыгына батат. Кыскасы, майрамдык маанай, айттык аура өкүм сүрөт.

Ардактуу журтташтар!

Тилекке каршы, өткөн жылдардан бери басаңдай элек пандемия себептүү бул жылы да ыйык ажылык ибадаты үзгүлтүккө учурады. Пайгамбарыбыздын (САВ) изи калган ыйык Мекке жана Медина шаарлары, айтылуу Арафат тоосу, нур төгүлгөн Муздалифа өрөөнү ж.б. ыйык жерлерди сагынганыбызды жашыра албайбыз. Ал куттуу жайлар да бизди сагынып жаткандыр. Албетте, баары Алладан тура. Алла Таалага шексиз ишенип, чексиз мактоо айтып, анын Улуу Шаафи ысымынын урматына COVİD ылаңынан эл-журтубузду, үммөттү, жалпы эле адамзатын сактай көр деп дуба кылабыз. Кийинки жылы кайрадан ажыга барып, Курман айтты ошол жактан тосууну насип кылсын!

Кымбаттуу замандаштар!

Бул жыл элибиз үчүн оор жылдардан болуп калды. Чек арадагы чырлар, кымбатчылык, кургакчылык ж.б. көйгөйлөр элибизди кыйнап, мамлекетибизди сыноого салганы маалым. «Кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет» (Инширах сүрөсү, 5) дегендей, бул күндөр да өтөт. Эң негизгиси, ушул сыноолорду бекем сабырдуулук жана каниеттүүлүк жеңе турган эрк берсин.

Оо Роббим! Мекенибизге тынчтык, мамлекетибизге туруктуулук, эл-журтубузга ынтымак, динибизге өнүгүү бергин. Эл тагдырын чечкендерге калыстык, даанышмандык жана көсөмдүк, мекен сакчыларына күч-кубат, өмүр сакчыларына кажыбас кайрат бергин.

Кадырлуу мусулман бир туугандар! Курман айтыңыздар маарек, чалган курмандыгыңыздар кабыл болсун. Оомийн. 

Айтыңыз маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоом менен, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев.