Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер! 
Сиздерди берекелүү Курман айт майрамы менен куттуктайм. Баарыңыздар майрамды шаан-шөкөт менен тосуп, көңүлдүү өткөрүү насип кылсын. Ушундай берекелүү күндөрдө бир туугандар ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана араздашкандарды элдештирүү керек.

Ошондой эле бири-бирибизди кечиришип, майрамдык маанай менен жакшылык иштерди аткарууда жарышып, Аллахка жакындоо үчүн баарыбызга курмандык чалуу насип кылсын. 

Сиздерди терең урматтоо менен,
Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.