Баткенде айт намазы мечиттерде окулду

Курман айт намазы Баткен шаарында борбордук «Нуьмани» жана жума намазы окулуучу мечиттерде окулду.

Намаз башталаар алдында Баткен облусунун мусулмандар казысынын куттуктоосу жана баяндамалары айтылды.

Ошондой эле айт намазга келгендерди Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, КМ аалымдар кеңешинин мүчөсү Нурдин ажы Мамасабиров айт майрамы менен куттуктады.