Самидин кары Атабаев: Курман айт биринчи кезекте Аллага жакындоого шарт түзсө, кийинки кезекте адамдар менен жакшы мамиле күтүүгө себеп болот

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен!

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Жыл айланып, мезгил оошуп, кайрадан Курман айт кирип келди. Ушул куттуу күнгө жеткирген жараткан Алла Таалага миң-мертебе шүгүрлөр болсун. Курман айт биринчи кезекте Аллага жакындоого шарт түзсө, кийинки кезекте адамдар менен жакшы мамиле күтүүгө себеп болот. Ушул ыйык күндө мал жандыктарыбызды Алланын ыразычылыгы үчүн курмандыкка чалып, эттерин Анын гана ыраазылыгы үчүн тийиштүү жерлерге жеткиребиз же өзүбүз бала-бакырабыз менен айттык дасторкондо даам сызабыз. Албетте, чалынган курмандыктын эти да, каны да Аллага жетпейт. Бирок такыбаалык жетет дейт (Караңыз: Хаж сүрөсү, 37). Жараткан Кудай Таалам чалган курмандыктарыбызды кабыл кылган болсун.

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Бүгүн — улуу майрам күн. Бүгүндөн тарта үч күн удаасы менен шарият чийининен чыкпай майрамдайбыз. Бири-бирибизди куттуктап, бири-бирибиздин үйүбүзгө айттайбыз. Бири-бирибизди зыярат кылып, туугандык жана боордоштук сезимдерибизди арттырабыз. Мына ушундай кайталангыс ирмемдер Курман айт күнүнүн шарапаты менен жүзөгө ашат.

Кымбаттуу мусулман бир туугандар!

Алла Таалам бардык дуба-тилектерибизди, максат-ниеттерибизди орундатсын. Жаратканым улуу Курман айттын урматына жергебизге тынчтык жана туруктуулук, элибизге ынтымак жана биримдик берсин.

Айтыбыз маарек, кайрымдуулук иштерибиз кабыл болсун.

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев