Кызыл-Кыя шаарындагы «Азрети Усман» медресеси тарабынан эки бодо мал курмандык чалынып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылды

20-июль күнү ыйык Курман айт майрамынын урматына Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Азрети Усман» медресеси тарабынан жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен эки бодо мал курмандыка чалынып, анын эти аз камсыз болгон 30 үй-бүлө таратылды.

Бул тууралуу медресе мүдүрү Нийметилла ажы Топчиев билдирди.

«Курмандык – адам баласын сараңдыктан куткарат. Эл ичинде боордоштук, бир туугандык, бей-бечараларды кубандыруу сезимдерин өркүндөтөт. Адамдарды өз ара ырайым-сүйүүгө чакырат. Эң негизгиси Алла Таалага жакын болууга жана Жараткан Кудайдын ыраазычылыгына ээ болууга өбөлгө болот. Бизге демөөрчүлүк кылган ишкерлерге ыраазычылык билдиребиз»,-дейт Нийметилла ажы Топчиев.