Ош шаарындагы «Усман бин Аффан» мечити кайрадан заманбап түрдө салынды


Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Усман бин Аффан» мечитине эл көп келгендиктен, аны имараты кеңейтилди. 

Жалпысынан алганда имаратын  3 кабаттан туруп, 700-800 орунга ылайыкташкан заманбап шарттары менен салынды.

Мечиттин ачылыш аземине Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, КМДБнын Москвадагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев, мечит имамдары жана жергиликтүү жамаат катышты. 

«Мечит бардык талапка жооп берет. Сиздер анын ичин жамаат менен толтуруп, ар дайым беш убак намазга, илим үйрөнүүгө жана Куран окууга келип, мечитти жандандырууңуздар керек», — деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев. 

Мечиттин ачылышында эски имам маркум Рахматулла ажы Басировду эскерип, анын урматына ачылыш аземин апасы жана уулдары катышты. Анткени маркум Рахматулла ажы Басиров мечиттин курулуш иштеринин башында туруп, заманбап болуп салынышында мээнети чоң болгон.