Ош шаарында жаш балдарга Курман айттык баштыкчалары таратылды

20-июлда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Калык уулу Абсаттар» мечитинде Курман айт майрамына карата саамалык уюштурулуп, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен жаш балдарга курман айттык баштыкчалар таратылды.

Мындай иш-чаранын негизги максаты кичинекей балдарга майрамдык маанай тартылоо.

«Бул бир караганда арзыбаган, чакан, бирок келечекте зор пайдасын тийгизе турган иш-чара деп ойлойм. Ошондуктан ар кимибиз өз тармагыбызда келечекке инвестиция салып, балдарга кам көрбөсөк болбойт. Жаш муун үчүн эң негизги байлык болуп эсептелген руханий кош баалуулукту – улуттук жана диний баалуулуктарды сиңиришибиз керек.

Дал ушул максатта миң жылдардан бери төл майрамыбыз болуп калган Курман айт күнү жаш өспүрүмдөргө таттууларды тараттык. Балдардын жан дүйнөсүндө Курман айт боюнча жылуу сезим жаралып, ушул күндү чыдамсыздык менен күтө баштаса, максатыбызга жеткен болобуз»,-деди мечит имамы И. Азизилла уулу.