Ош шаардык мусулмандар казыяты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 300 үй-бүлөгө эт таратылды


20-июль күнү Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинде Курман айт майрамынын урматына көзү азиз жана дүлөйлөр интернатында жашаган 100 адамга, 200дөн ашуун аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө эт таратылды.

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев чогулган элди Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айттын пазилети тууралуу маалымат берди.  

«Мусулмандардын эки майрамы болсо, анын бири Курман айт майрамы болуп саналат. Майрамды жакшы маанайда шаан-шөкөт менен өткөрүңүздөр. Араңыздарда араздашкандар болсо, берекелүү күндүн урматына бири-бириңиздерди кечириңиздер»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.