Ош облусунда имамдарды окутуу уланууда

Ош облустук мусулмандар казыятында Кара-Суу райондук мечит имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу семинарлары уюштурулууда. Имамдарга салттуу ислам түшүнүгү, Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасына таандык китептерден сабак берилүүдө.

Семинарда Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир Жейналиев өтүп, шарият илимдерин үйрөтүүдө.

«Биздин имамдар менен болгон окутууларыбыз үзгүлтүккө учурабастан улантылып келүүдө. Ар жумада ар башка темалардан өтүп, бардык имамдарга сабак берип келүүдөбүз», – деди облус казысы.

Эскерте кетсек, Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев тарабынан облус аймагына таандык дээрлик бардык имамдарга окуу иштери уюштурулууда.