«Апиза эне» атындагы Ислам институту 2021-2022- окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу борбордук мечиттин жанында жайгашкан «Апиза эне» атындагы Ислам институту 2021-2022- окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Кабыл алуу 2- августтан 25-августга чейин улантылат.

Институтта Куран жаттоо бөлүмү, медресени бүткөндөр үчүн жогорку деңгээлде шарият илими окутулуп, институтка даярдоо курстары ачылган.

Шарият илимдеринен  сырткары төмөнкү сабактар окутулат:

— Кыргыз тили

— Кыргызстан тарыхы

— Информатика

— Дене тарбия

Окутуу европалык жабдыктар менен жүргүзүлөт. Институтта Муфтият тарабынан бекитилген Ханафий мазхабы жана Матуруди акыйдасы китептеринен сабакбар берилмекчи.

 Окуу жайга талап кылынуучу документтер :

-Паспорт

-Аттестат же күбөлүк

-3×4 өлчөмдөгү 6 даана сүрөт

-Жашаган жеринен аныктама

 Байланыш үчүн телефон : 0778 74 98 99